Мектеп №79 №79 жалпы билим берүү орто мектеби

Социалдык-психологиялык кызмат

№79 орто мектебинин соц педагогу

Боонбаева Наргиза Чангыловна

Социалдык-психологиялык кызмат

Социалдык педагогдордун иши.

Максаты: Мектепте социалдык – психологиялык жагымдуу атмосфера тузуу.

 Багыты:

  1. Окуу процессинде иш алып баруу- 50%
  2. Уй бүлө жана ата-эне менен иштөө- 25%

3.Коомчулук жана коомдук уюмдар менен бирдикте аракеттенүү -25%

Милдеттери:

1.Психологиялык депрессияга кабылгандар жана мүнөзү оор балдар менен иштөө;

  1. Мектепке тартылбаган жана кароосуз калган балдар менен иштөө;
  2. Улуттук маселе жана социалдык жактан кескин айырмаланган үй бүлөнүн балдары менен иш алып баруу ( аз камсыз уй бүлө, көп балалуу үй бүлө ж.б.);
  3. Тарбиясы начар, тентек же ар кандай адепсиз ишке оомо(“Тобокел” тобу )балдар менен иш алып баруу;

5. Жетим жана жарым жетим балдарга психологиялык жардам көрсөтүү;

  1. Балдардын акысыз эмгегин пайдаланган ата-энелер же жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
  2. Өзгөчө муктаждыктагы (психологиялык жана моралдык жактан) жана оорулуу (инклюзив) балдар менен иш алып баруу.
  3. Ата-энеси чет өлкөдө иштеп жүргөн балдар менен иштөө;
  4. Туруксуз үй бүлөнүн балдары жана асыранды (опекун) балдар менен иштөө;
  5. Сабакты көп калтырган, кечиккен жана сабактан качкан окуучулар менен иш алып баруу;
  6. Бангилик, тамеки , насвай чегуу жана ичкиликке жакын балдар менен иштөө;
  7. Ыктыярдуу түрдө ар кандай диний секталарга же мечитке барып жүргөн балдар менен иштөө( диний көз карашына байланыштуу мектеп формасын бузган кыздар же балдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү) ;

Социалдык педагогдун милдеттери ·

Балдардын жашоо шартын иликтөө үчүн социалдык сурамжылоо жүргүзүлөт. ·

Окуучулардын психологиялык-медициналык өзгөчөлүктөрү,

Жашоо чөйрөсү иликтенет. ·

Ата-энелер менен балдардын мамилелерин жакшыртууга көмөктөшөт. ·

Ата-энелердин педагогикалык маданиятын жогорулатууга жардам берет. ·

Балдарды коргоо жана социалдык колдоо, өмүрүн жана ден соолугун сактоо боюнча чараларды көрөт. ·

Камкордукка жана тарбиялоого муктаж балдарга жардам берет.

  • Жетим жана ата-энелеринин камкордугусуз калган балдарды турак жай, пенсия менен камсыздоо боюнча көмөк көрсөтөт. ·

Класстан тышкаркы иштерге тартуу. ·

Балдар иштери боюнча комиссиянын ишине катышат. ·

Балдардын өздүк документтерин даярдоо иштерин жүргүзөт. · Ата-энелер жана коомчулукту балдардын маселелерин чечүүгө тартат.

  • Балдардын кызыкчылыктарына жараша расмий суроо талап менен мамлекеттик органдарга кайрылат.
  1. Балдардын жашоо-шартына сурамжылоо.
  2. Окуучулардын психологиялык өзгөчөлүктөрү.
  3. Журүм-туруму бузулган балдар менен иштөө.
  4. Балдарды коргоо иштери.
  5. Ата-энелеринин камкордугусуз калган, жетим балдар менен иштөө.
  6. Коомчулукту, ата-энелерди балдар маселелерин чечүүгө тартуу.

7.Жашоодо кыйын кырдаалга туш келген, өзгөчө муктаждыктары бар балдар менен иштөө.

 

 

№79 орто мектебинин социалдык педагогдун 2018-2019-окуу жылындагы иш планы

 

Иш-аракеттин мазмуну

 

МѳѳнѳтүЖооптуу

 

 

Кайда каралат
1Социалдык педагогдун укуктары,милдеттери жана функциялары,ишти пландаштыруу жана жылдык,айлык пландарды бекитуу.СентябрьСоц педагог.
2Окуучулардын социалдык абалын аныктоо,(тоголок жетим,жарым жетим,аз камсыз болгон уй-булолор,коп балалуу уй-булолор,толук эмес уй-булолор,инвалид окуучулар,мигранттын балдары,Черонбль:Афган:

Баткен:Апрель окуясынын согуштарынын катышуучуларынын балдары ж.б.)

Сентябрь

 

Чейрек сайын

жаныртуу

Класс жетекчилер,

Соц.педагог,

ТИ боюнча завуч

 

Пед.кенешмеде

3Мектепте ысык тамак иче турган 5-7 класстын окуучуларынын тизмесин аныктоо.(Аз камсыз болгон уй-булолорго,тоголок жетим,жарым жетим)Сентябрь айынын башындаМектеп директору

Соц.педагог

 

Директор алдындагы кенешмеде

4Мектептин социалдык паспортун  тузуу.Сентябрь

(1-2 жума)

Соц.педагог

 

 

Ондуруштук кенешмеде
5Класстын социалдык паспортун тузуу.Сентябрь

(2-3 жума)

Класс жетекчи

Соц.педагог

 

 Ондуруштук кенешмеде
6Сабакка келбей жаткан ,сабактан коп калган окуучулардын тизмесин алуу,иш жургузуу.Жыл башында

Жыл ичинде

Класс жетекчи

Соц.педагог

ТИ боюнча завуч.

 

 

Пед.кенешмеде

7Мектептин ички козомолундо,ИДНдин учетунда турган окуучуларды аныктап,иш алып баруу.ОктябрьИДН

 

Соц.педагог

 

 

 

Ондуруштук кенешмеде

8Мунозу оор балдар менен иштоо,жардам беруу иш жургузуу,жыйынтыгын чыгаруу.Жыл ичиндеСоц.педагог

 

 

 

 

 

Ондуруштук кенешмеде

9Жогорку  класстын окуучуларына алкогол ичимдиктери,тамеки,наркомания боюнча профилактикалык тегерек стол откозуу.(8-11 класс)НоябрьСоц.педагог

 

 

 

 

 

 

10Оспурумдордун суициддин белгилери жана аны алдын алуу боюнча СППС адистери откоргон семинарларга катышуу.Жыл боюТИ боюнча завуч

 

Соц.педагог

 

 

 

 

11Мумкунчулугу чектелген балдарга жардам беруу иштери.

3-декабрь мумкунчулугу чектелген балдардын кунуно карата кайрымдуулук марафонун откозуу.

Жыл ичинде

 

Декабрь

ТИ боюнча завуч

 

Соц.педагог

 

 

 

 

12Кочоо  балдарына жана оспурумдорго рейддерди жургузуу.Ай сайынИДН

 

Соц.педагог

 

13Зордук  зомбулукту алдын алуу боюнча 7 класстын окуучуларына ачык сабак откозуу.ЯнварьСоц.педагог

 

 

 

 

14Балдарды кайрымдуулука тарбиялоо учун “Мээримдуулук”темасында ачык.

Сабактарын откозуу(5-6)

 

ФевральСоц.педагог

 

 

 

 

 

 

15Класска,окуучуларга педагогикалык,психологиялык муноздомо тузуу боюнча мугалимдерге кенеш беруу.Жыл ичиндеСоц.педагог

 

 

 

 

16Жашоо шарты оор,зордук-зомбулукка кабылган ,тартиби начар ж.б.у.с. окуучулардын ата-энелери менен жекече иштоо,козомолдоо,кенеш беруу.ДайымаКласс жетекчи

 

Соц.педагог

 

 

 

 

 

 

Пед.кенешмеде

179-11 класстынокуучуларына кесип тандоо боюнча ой пикирлерди жургузуп ,багыт беруу.Февраль,

март

Класс жетекчи

 

Соц педагог

 

 

 

 

18Бутуруу,кочуруу сынактарына психологиялык даярдык коруу.Мугалим,ата-энелер менен иштешуу.МартПсихолог

 

Соц.педагог

 

 

19Бишкек шаарындагы жана Ленин районунда боло турган  чогулуштарга жана Ленин райондук админстрация алдындагы  жаш оспурумдордун иштери боюнча комиссияга катышуу.ДайымаТИ боюнча завуч

 

ИДН

 

Соц.педагог

 

 

20“Сен таза болсон мен таза болсом коом да таза болот”-деген темада мектептин окуучулары менен иш жузундо ишембилик кундорун откозуу.АпрельСоц.педагог

 

Мектеп

 

уюштуруучусу

 

 

 

 

21Мектеп окуучулары менен анкета,тесттерди толтуруу жана анализ иштерин жургузуу.Жыл ичиндеСоц.педагог

 

Психолог

 

 

Ондуруштук кенешме
22Балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу.МайСоц.педагог

 

 

Ондуруштук кенешме
23Социалдык педагогикалык иш аракеттин тажрыйбасын жыйынтыктоо жана жетишкендик жана кемчиликтерди эске алуу менен кийинки жылга пландаштырып даярдык коруу.Жыл аягындаСоц педагог

 

 

 

 

 

 

 

 

Пед.кенешмеде

 

 

 

Планды түзгѳн №79 мектебинин соц.педагогу         Боонбаева Н.Ч.

 

2018-2019-окуу жылында №79 жалпы билим берүү орто мектебинде  соц.педагогдун   аткарылган иштердин жарым жылдык отчету

                №79 жалпы билим берүүчү орто мектебинде  окуу жылынын башында   социалдык паспортто окуучунун классы,дареги,ата-энесинин номерлери,туулган жыл,ай кундору класс жетекчилер менен биргеликте такталып коюлду.

Окуу жылы 1545 окуучу менен башталып анын ичинен социалдык коргоодо турган балдардын саны такталды.Андан тышкары ата-энеси  чет жака иштегени кеткен (тышкы мигранттар) уй булодогу окуучулардын санын тактап тарбия завуч,ИДН, кл.жетекчилер менен биргеликте  балдарды  убактылуу таштап кеткен  уй булолор менен таанышуу иштери журду.

Тобокел тобундагы окуучулардын саны 28 окуучу.Ал окуучулардын  уйлорун кыдыруу иштери журду ИДН, кл.жетекчилер менен биргеликте.

Мектептин ички козомолундо турган окуучулардын саны 11 окуучу. Бул окуучулар тартиби начар  болгондуктан   мектептин алдын алуу кенешинин чечими менен мектептин учетуна алынды.Окуучулар менен суйлошуу иштери жургузулду.

9-в классынын окуучулары Замирбек уулу Арген,Бактыбек уулу Кайрат,Касымбаев Сапармурат 10-декабрь мектептин  тартибин бузгандыктан  мектептин ички козомолуно алынышты.Анткени бул окуучулар мектептин ичинде ойноп жатып,тил табышпастык болуп кеткен.

Ошол куну Касымбаев Сапармурат больницага жатып алат,бизге келген маалымат боюнча иштерди жургузо баштадык. Тарбия завуч,ИДН,кл,жетекчиси  бул балдардын ата-энелерин чакырып тушунук каттарын алып,тушундуруу иштерин жургуздук. Касымбаев Сапармураттын уйуно барып   тушундуруу иштери жургузулуп акт тузулду.

Мектеп окуучулар арасындагы үстөмдүк кылууну, акча чолгултууну болтурбоо жана алдын алуу иштерин жүргүзүү боюнча 2-класстан 11-класска чейинки окуучулардан анкеталар жана аноним каттар алынды. Анын жыйынтыгы боюнча  7-9-класстын    11 окуучусу мектептин ички көзөмөлүнө коюлду.

Кылмыштуулукту алдын алуу максатында сабакка себепсиз келбеген, тартиби начар  окуучулардын үйлөрүнө ИДН менен класс жетекчилер барып үй шарттары менен таанышып, ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатты. 8-а классынын окуучусу сабакка келбегенине байланыштуу кл.жетекчиси берген маалымдамасы боюнча Жазиыра 30 уйуно ИДН менен биргеликте бардык. Биз барган учурда ал уйдон кочуп кеткендигин  уйдун ээси жанан квартиранттар айтып беришти. Биз актты тузуп келдик. Мектепте  рейддер уюштурулду. Тарбия иштери боюнча директордун орун басары, класс жетекчилер  ИДН кызматкерлери менен биргеликте 19-октябрда “Мектеп рэкети” жана “антирэкет” темасында 7-11-класстардын балдарына  чогулуш өткөрүлдү.

Мектептеги 7-класстан 11-класска чейинки балдардан 18-19-октябрь 2018-жылда  класс жетекчилер менен биргеликте “кесүүчү”, “сайуучу”, “кастет” ж.б. куралдарды алып жүрбѳѳ  боюнча мектеп ичинде  рейд жүргүзүп, окуучулардын арасында андай факт катталбагандыгын билинди жана окуучулар арасында “антирэкет”, “мектеп рэкети”, “ топтошуп мушташуу” жѳнүндѳ түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

“Кыз намысы кымбат”, деген темаларда пикир алышуу. Мед кызматкерлер менен бирдикте 17-октябрда 8-9-класстын кыздарына лекция  окулду. Өздүк гигена тууралуу кеңири маалымат берилди.

18-октябрда “Күз майрамы” аттуу 7-класстар арасында конкурс өткөрүлдү. Жеңүүчү 7-б классы болду. Ал конкурста класстагы ар бир окуучу өзүнүн чыгармачылыгы менен жер  жемиштерден түрдүү композицияларды жасап келишкен. Атап айтсак Эсенгулова Аделя мөмө жемиштерден гүл букетин  даярдаган. Нуржигит кызы Аймээрим кызыл болгар калемпиринен  тюлпан гүлүнүн букетин даярдаган.Ашкабактан корзина ж.б. Мындан  окуучулар кызыгуу менен активдүү  катышышкандыгын билебиз.  Мындай конкурстар балдардын ой жүгүртүүсүн , кызыгуусун ,  айлана чөйрөгө болгон мамилесин өстүрүүгө , эмгекке үйрөтүүгө тарбиялайт.

26-октябрда “Милициянын жаш достору” аттуу шаардык конкурска катыштык. “Эң мыкты видеоролик” сыйлыгына татыктуу болдук жана мектепке оргтехника сыйлыкка берилди.

Ноябрь айынын 13үндѳ 2-чейрек башталды.  Бул айда аткарылган иштер тѳмѳндѳгүдѳй болду. Ар күнү окуучулардын сабакка кечигип келүүсү, формасы мектеп администрациясы, дежур мугалимдер тарабынан текшерилип турду. 20-ноябрда «Өспүрүм» кечки рейди жүргүзүлдү. Рейд мектептин соц педагогу, организатору жана тарбия завучу ИДН менен биргеликте өткөрүштү. Анда текшерилген компьютердик клубдарда №79 орто мектебинин окуучулары жок болуп чыкты.

Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата Ленин райондук администрациясы тарабынан уюштурулган Талас областынын Шекер айылына мектептин 10-а классынын окуучусу Айтматов Ислам барып келди. Бул окуучу район аралык “Жаш артист” кароо сынагына катышкан активдүү окуучу.

Мектеп аралык жүрүп жаткан спорттук мелдештерде (Школьная лига) волейбол боюнча кыздар командасы 1-орунга ээ болушту.

28-ноябрда мектептин 9-10-11-класстары менен №12 ЦСМ кызматкерлери, ИДН, МТУ №4 мектеп менен биргеликте “СПИД менен күрөшүү” боюнча семинар өткөрүлдү.

Декабрь айында “майыптар күнүнө” карата Ленин райондук мектептердин лидерлери  окуу куралдарын алып барып акцияга катышып келишти. Мектепте үйдө окуган мүмкүнчүлүгү чектелген 11-А классынын окуучусу Абдимитал кызы Сыргайымга, 1-ж классынын окуучусу Кокоев Бектурсунга , 4-а классынын окуучусу   Керимова Айжанга  мектептин окуучулары тарабынан чогултулган окуу куралдарды белекке берилди.

9-декабрь “Коррупция менен күрөшүү” күнүнө карата 10-11-класстарда класстык сааттар, 9-класстарда сүрөт конкурстары өткөрүлдү.

Декабрь айында ар бир класс жетекчи “Кышында жолдо жүрүүнүн эрежелери” темасында класстык сааттарды өтүшүп, ата-энелер чогулуштарында да айтылды. 10-декабрда жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспектору Жусупов Р. Т. «Уголовная ответственность несовершеннолетних” аталыштагы лекцияны 8-11-класстарга окуду. “Жаңы жылдык балаты” майрамдык кече 1-класстан 5-класска чейин 24-декабрда өткөрүлдү.  Окуучулар 13-январга чейин  кышкы эс алууга тарашты.

 

 

Личный кабинет психолога

Личный кабинет социального педагога

 

Это тестовая и редактируемая страница сайта

На этой странице возможно добавить:

  • Текст
  • Фото / Видео / Документы
  • Таблицы
  • Списки
  • Ссылки
  • Разные цвета