Мектеп №79 №79 жалпы билим берүү орто мектеби

Мектеп

№79 жалпы билим берүү орто мектеби жөнүндө маалымат

№79 жалпы орто билим берүү мектеби Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Арча-Бешик жаны конушунда 1997-жылы башталгыч мектеп катары ачылган. Мектеп алгач 80 окуучуга ылайыкталган. Факт жүзүндө 1-класстан 4-класска чейин 400 окуучу окуп баштаган.
2002-жылы мектеп орто мектеп статусуна ээ болуп 754 орунга ылайыкташылган жаны мектептин имараты курулуп бүтүп эксплуатацияга берилген.
Мектепте 35 орунга ылайыкталган ашкана(буфет), 1 спорт залы, 1 спорт аянтчасы, 1 акт зал (135 орунга ылайык) жана 33 окуу кабинеттери бар. Мектептин имараты типтүү жана электр жылытуу системасы менен иштейт.
Азыркы учурда мектепте 1-класстан 11-класска чейин 1682 окуучу бар. Анын ичинен 1- 4-класстарда 686 окуучу, 5-9-класстарда 883окуучу, 10-11-класстарда 113 окуучу. Мектепте окутуу эки сменде жүргүзүлөт. 2020-2021-окуу жылында класс 54 комплектелген. Кыргыз класстардын саны 41, орус класстар 13. Быйылкы 2020-2021-окуу жылында 154 окуучу 9-классты аяктады.Алардын ичинен 2 окуучу “өзгөчө үлгүдөгү” күбөлүккө ээ болду. Ал эми 11-классты 41 окуучу бүтүрдү. Мектептин жалпы билим сапаты 32%, жетишүүсү 100%.