Биз жөнүндө
№79 жалпы орто билим берүү мектеби Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Арча-Бешик жаны конушунда 1997-жылы башталгыч мектеп катары ачылган. Мектеп алгач 80 окуучуга ылайыкталган. Факт жүзүндө 1-класстан 4-класска чейин 400 окуучу окуп баштаган.
2002-жылы мектеп орто мектеп статусуна ээ болуп 754 орунга ылайыкташылган жаны мектептин имараты курулуп бүтүп эксплуатацияга берилген.
Азыркы учурда мектепте 1-класстан 11-класска чейин 1545 окуучу билим алып жатат. Мектепте окутуу эки сменде жүргүзүлөт. 2018-2019-окуу жылында 47 класс комплектелген. Кыргыз класстардын саны 36, орус класстар 11.
Окуу планы Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын
Базистик окуу планынын негизинде жүргүзүлөт.